Жаңылыктар
10.03.2026, 12:22
20
🔹8-март – Эл аралык аялдар күнүнө карата Сокулук районунун айымдары, ошондой эле Гавриловка айыл аймагынын айымдары катышып, салтанаттуу иш-чара уюштурулуп, ал Кыргыз улуттук филармониясында өттү. Майрамдык иш-чарага Сокулук районунан 1000ге жакын айымдар катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким И.А. Ташкулов райондогу айымдарды жаз майрамы менен куттуктап, алардын коомдогу, үй-бүлөдөгү жана мамлекеттин өнүгүшүндөгү орду чоң экенин белгиледи. Ошондой эле айымдарга ыраазычылык билдирип, белектерди тапшырды.
Майрамдык иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Э.К. Тайгараева, А.Ж. Эгембердиев, ошондой эле «Аялдар кеңеши» коомдук бирикмесинин төрайымы А. Алтыбаева катышып, куттуктоо сөздөрүн жолдошту.
Салтанаттын алкагында маданий программа тартууланып, көрүүчүлөргө белгилүү «Жамиля» музыкалдык спектакли көрсөтүлдү.







